Аймактарда окулган айт намаздарынан фото баян

Бүгүн, 5-июнь шаршемби күнү Нарын шаарынын борбордук «Азирети-Али» жана Нарын шаарындагы «Билал бин Рабах» мечиттеринде Орозо айт намазы окулду.

Айт намаз 07:00дө башталып, Саад бин Абу Ваккас мечитинин имамы Эрик Молдокулов баяндаса жасады. Андан соң Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов, Нарын районунун администрация башчысынын 1-орун басары Жаныш Ибраимакун уулу жана Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев куттуктоо сөз сүйлөшүп, мусулмандарга, шаар тургундарына ыйман, бакубатчылык тилешти.

Ал эми «Билал бин Рабах» мечитинде казыяттын өкүлү Сейит Исаев  баяндама жасап, андан соң Нарын шаарынын 1-вице-мэри Давид Курманов куттуктоо сөз сүйлөп, шаар тургундарын ынтымакка чакырды.
Нарын шаарынын борбордук «Азирети-Али» мечитинде 5 миң, «Билал бин Рабах» мечитинде 3 миңден ашык адам айт намазга катышып, жалпы 8 миңдей адам Орозо айт намазын окушту.

 

Орозо айт намазы Баткен шаарында борбордук «Нуьмани» жана жума намазы окулуучу мечиттерде окулду. Намаз башталаар  алдында дин аалымдарынын баяндамалары айтылды. Ошондой эле айт намазга келгендерди облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров орозо айт майрамы менен куттуктады.

Бүгүн,5-июнда айт намазы Талас шаарынын борбордук Ааль аль Байт мечидинде окулду. Айт намазга 8000ден ашуун адам катышып, ага КР Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, калаа башчысы Айдар Жузупбеков куттуктоо сөздөрун айтышып, жалпы мусулмандарды улуу орозо айт майрамы менен куттуктап өтүштү. Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев кыргыз элин айт майрамы менен куттуктап, эл-жерибизде бейпилчилик, тынчтык тилеп, ибадаттын артыкчылыгы тууралуу баяндама жасады.

Ош шаарында Орозо айт намазы Сулайман-Тоо жана шаарда жайгашкан мечиттерде окулду. Сулайман-Тоо мечитинде болгон айт намазга Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязали ажы Арипов, Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев,  Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана 10 миңге чукул шаар тургундары катышты.

Намаз убактысына чейин ыйык Куран аяттары окулуп, зирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев баштаган дин аалымдары куттуктоо сөзүн айтышып, Айт намазынын маанисин түшүндүрдү. 
Жалпы элге ыймандуулук, сабырдуулук жана ата-энени урматтоо тууралуу баяндамалар жасалды.
Ал эми калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов жана Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев улуу Рамазан айында туткан орозону жана кылган амалдарды Жараткан өзү кабыл кылсын деген тилектерин билдирди.

Айт намазы Каракол шаарындагы 4  мечитте окулуп, облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков “Аль Филалий” атындагы борбордук мечитинде танкы саат 6:30- 7:30 га чейин баяндама жасады. Облус казысы  жалпы элди орозо айт майрамы менен куттуктап, мамлекетибизге тынчтык, ынтымак, биримдик каалады.  Ал эми Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев,  Каракол шаарынын вице-мэри Сеит Садыров шаар тургундарын жана конокторун куттукташып, жылуу сөздөрүн айтышты. Мусулмандардын айт майрамы менен  Свято Троицкая православдык чиркөөсүнүн өкүлү Сергий Чувикин дагы куутуктап, конфессиялар арасындагы достук бекемделе бере тургандыгын билдирди.

«Айт намазга келгендердин саны жылдагыга салыштырмалуу кыйла жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, 10 000ден ашуун болду. Айт намазына чогулган эл шарият маселелеринен угушуп, кийин келген коноктордун куттуктоолоруна күбө болушту»,-дейт облус казысы. 

Айт намаздан кийин Куран окулуп, мамлекетибиздин тынчтыгы, биримдиги, ынтымагы, элибиздин бакубат жошоосу менен бейпил турмушу үчүн дуба-тилектер кылынды.