ЖАРЫЯ! 15- июнга чейин Булгар Ислам Академиясында, Москва Ислам университетинде жана Уфада диний билим алгыңыз келсе шашылыңыз! Орундар чектелүү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы 2019-2020-окуу жылына Орусия Федерациясынын Булгар Ислам Академиясына,  Москва Ислам университетине жана Уфа Ислам медресесине жогорку билим алуу үчүн абитуриенттерди 15-июнга чейин кабыл алууну жарыялайт.

Эскертүү! Орун чектелүү

Окууга тапшыруу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси:

  • 11-жылдык билими тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • Учурда диний окуу жайларда окуп жаткан болсо окуп жаткандыгы тууралуу аныктамасы.
  • Туулгандыгы туралуу күбөлүктүн же паспорттун көчүрмөсү;
  • 3*4 өлчөмдөгү сүрөт;
  • тышкыпаспорт;
  • өздүк баракча. (толтурулган өздүк баракча)

Кошумча маалымат суратылат

Документтер 2019-жылдын 15- июнуна чейин кабыл алынат.

Дарегибиз: Бишкек шаары Гоголь көчөсү. 57 (КМДБ)

Байланыш тел: 0312 90-09-53, 0702 222-172. 0700 437-765. 0708 38-38-40.

 Маалымат үчүн:

Үстүбүздөгү жылдын 28-29-мартында Орусия Федерациясынын Президенти В.В. Путиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Орусия Федерациясынын Улуттар иштери боюнча федералдык агентствосу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Ошону менен бирге Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы менен Орусиянын Ислам билим берүү кеңешинин ортосунда өз ара кызматташуу меморандумуна кол коюлган. Аталган документтердин негизинде 2019-жылдын 14-майында Бишкек шаарында 2019-2020-окуу жылына Орусия Федерациясынын аймагында диний билим алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына 25 (жыйырма беш) квота берилип, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн протоколуна Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек Токтомушев жана Орусия Ислам билим берүү кеңешинин төрагасы Мухаметшин Рафик Мухаметшович кол коюшкан.