Ош облустук казыяты Рамазан айында 130 жардамга муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөттү

Ош облусунун мусулмандар казыяты Рамазан айында 130 жардамга муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам көрсөттү. Ыйык айда облус казысы Самидин кары Атабаев баштаган казыят кызматкерлери муктаж үй-бүлөлөрдү ар бир оор иште сабырдуу болуп, Алла Тааладан үмүт үзбөй алдыга умтулууга чакырышты.

“Рамазан айында кайрымдуу жарандар менен биргеликте 130 оор шартта жашаган үй-бүлөгө күнүмдүк жашоого керектелүүчү азык-түлүктөр таратылды. Мындай кайрымдуулук иш-чаралары мындан ары дагы улана бермекчи”,-дейт облус казысы.