Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев дин аалымдарынын “Дивани Хикмат” китеби менен таанышты

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ОшМУнун телогия факультетинин мугалимдери менен жолугушуп,  белгилүү дин аалымы, Аалымдар Кенешинин мүчөсү молдо Сабыр Досбол уулу, Аалымдар Кенешинин төрагасынын орун басары Ниязали Арипов жана ОшМУнун теология факультетеинин декан орун басары Абдулмажит Ислам уулу биргеликте чыгарган “Дивани Хикмат” китеби менен таанышты.

Шаар казысы адам баласы китеп менен дос болуп, андан күнүгө инсан үчүн керектүү маалыматтарды алууну адатка айлантуу керектигин билдирип, жаштарга бул жаатта түшүндүрүү ишин жүргүзүү керектигин билдирди.

Абдулмажит Ислам уулу Ош шаардык казыятына атайын 25 даана “Дивани Хикмат” китебин белек катары тапшырды.