Ажылык сапарга баруучуларга алгачкы сабактар башталды

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев борбордук “Сулайман-Тоо” мечитинде шаар аймагынан ажылык сапарга жөнөп жаткан 634 адамга ажылыктын шарттары тууралуу сабагын өтүп, негизги ибадаттар туурасында баяндама жасап берди. Ошондой эле шаар казысы болочок ажыларга жоопту болгон 12 ажы башчыны тааныштырып, алардын айтканына көңүл бурууга жана Сауд Арабия Падышачылыгынын мыйзамдарын, эрежелерди сактоого чакырды.