Кыргызстан Ислам Университетинин 20 студенти Нарын облусунун аймактарындагы мечиттерде 1 айлык практикаларын өтөштү

Кыргызстан Ислам Университетинин 20 студенти Нарын облусунун аймактарындагы мечиттерде  1 айлык практикадан өтүштү. Практиканттар Нарын облусундагы чоң мечиттерде Куран, фыкх китептеринен сабактарды өтүштү.

«Практиканын мөөнөтү бүткөн соң Нарын казыятында атайын жыйын өтүп, балдардын тажрыйбалары каралды. Андан соң Таш-Рабат жана Кошой Коргон тарыхий жайларында эс алышып, кечээ, 6-июнь күнү өз үйлөрүнө сапар тартышты. Аз мөөнөт болсо да болсо элге кызмат кылып, практикаларын өтөп кеткен студенттерге жана Кыргызстан Ислам Университетинин мугалимдерине ыраазычылык билдиребиз!»,-дейт облус казысы Мамбетасан ажы Ибраев.