Тоң райондук хатибияты Төрт-Күл айылынын ишкерлери менен биргеликте жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө 150 000 сомдук акчалай жардам көрсөтүштү

Тоң райондук хатибияты Төрт-Күл айыл өкмөтү жана Төрт-Күл айылынын ишкерлери менен биргеликте жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө 150 000 сомдук акчалай жардам көрсөтүштү. Ушундай эле кайрымдуулук иш-чарасы Туура-Суу айылында болуп, мечит жамаатынын атынан жаш өспүрүмдөргө билим берип, айылдагы мектепте үзүрлүү эмгектенип жаткан 5 мугалимге “Ардак Грамота” жана мектептин эң алдыңкы 7 окуучусуна 1 000 сом өлчөмүндө стипендия тапшырышты.

«Быйылкы иш планыбызда мындай кайрымдуулук иштерин өткөрүү бирден-бир негизги иш катары каралган. Мүмкүнчүлүккө жараша кайрымдуу инсандар менен бирге кайрымдуулук иштерибизди уланта бермекчибиз»,-деди райондун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов.