Тоң районунун Кара-Талаа айылынын жаштары демилге көтөрүшүп, мечиттин айланасын оңдоп-түзөштү

Тоң районунун Кара-Талаа айылынын 1992-жылкы жаштары демилге көтөрүшүп, мечиттин жанына дааватчылар үчүн атайын жай куруп беришти. Бул туурасында айыл имамы Расул Сулайманов билдирди.

Муну менен катар айыл жаштары тарабынан мечиттин айланасын тазалоо, оңдоп-түзөө иштери менен биргеликте мечиттин  айрым бөлүктөрүн калыбына келтиришип, курулушка 200 миң сом сарпташткан.