Чүй облусунун мусулмандар казыяты ишкерлер менен биргеликте 100дөн ашуун муктаж үй-бүлөгө жардам беришти

Чүй облусунун мусулмандар казыяты Рамазан айында кайрымдуу жарандар менен биргеликте 100дөн ашуун муктаж үй-бүлөгө 200 миң сомдук жардам көрсөтүштү.

«Чүй казыяты кайрымдуулук ишке көмөк көрсөткөн жарандарыбызга ыраазычылыгын билдирет. Рамазан айында сооп табып, Алла  Тааланын берген убадаларына жетип калайын деген мусулман боордошторубуз өтө көп болду»,-деди Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов.