Араван районундагы 4 медресеге кесип үйрөнүүгө шарт түзгөн жаңы жабдуулар тапшырылды

Араван районунун  «Ал Бухари» медресесинде «АВЕП» Коомдук фонду «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында, түштүк аймагындагы 4 медресеге кесип үйрөнүүгө шарт түзгөн жалпысынан бир жарым милион сомго жакын  жаңы жабдууларды  өткөрүп берди.

Иш-чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнөн башкы адис Адилбек уулу Фуркатбек, «АВЕП» коомдук фондунун жетекчиси Токонов Нурлан жана «АВЕП» коомдук фонду менен жаны келишим түзгөн 4 медресенин жетекчилери  катышышты.

Жыйындын  алкагында медресе жаштары  бир тараптуу болуп калбастыгы үчүн аларга кесиптик шыктарды үйрөтүү жолдорун талкуулашты. Иш-чаранын жыйынтыгында «АВЕП» коомдук фондунун жетекчиси Токонов Нурлан кийинки жылы түштүк аймагында дагы 4  же 5 медресе менен келишим түзүп иш алып баруусун билдирди.