Бишкек шаардык борбордук мечити 2019-жылдагы битир-садакадан топтолгон 508100 сом акча каражатын 534 муктаж жаранга таратты

Кечээ, 9-июнда Бишкек шаардык борбордук мечитинде 2019-жылы битир-садакадан топтолгон 508100 сом акча каражаты муктаждарга таратылды.

«Бул жылы 20-майдан 25-майга чейин 534 жаран арыз менен кайрылган. Аларга эки категория боюнча жардам берилди. Жардамдар 700 сом жана 1000 сом өлчөмүндө тапшырылып, бул жылы жылдагыдан көп жаран жардам алуу үчүн арыз менен кайрылган»,-деди борбордук мечиттин кассири Насирдин ажы Садыков.