Каракол шаардык хатибияты демөөрчүлөр менен биргеликте 100 үй-бүлөгө 300 000 сом жардам тапшырышты

Каракол шаарындагы «Иброхим ажы» атындагы мечитинде, шаардык баш имам хатиб Талант ажы Сабриковдун демилгеси менен ыйык Рамазан айынын урматына карата аз камсыз  болгон муктаж γй-бγлөлөргө тамак-аш азыктары таратылды.

100 үй-бүлөгө  ун, кесме, кум шекер, күрүч, чай, суу май жана башка турмуш тиричиликке керектелүүчү азыктары таратылып, жалпы 300 000 сом жардам берилген.

«Мындай иш-чараларды жылына уюштуруп келебиз. Ыйык Рамазан айы жакшылыктын айы, кайрымдуу бир туугандарыбыздын демөөрчүлүгү менен мындай соопчулук иштери салт катары өткөрүп турмакчыбыз”,- дейт баш имам хатиб Талант ажы Сабриков.

Эскерте кетсек, кайрымдуулук ишин толук демөөрчүлүк кылган мекендештерибиз өз аттарын айтуудан баш тартышкан.