Чолпон-Ата шаарында «Келечекке таза муун менен» аталышындагы отурум өттү

Чолпон-Ата шаарында өспүрүмдөрдөр арасында зордук-зомбулукка жол бербөө, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча отурум өттү.

Отурумга Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев, Ысык-Көл районунун акими Данияр Белеков, акимдин орун басары Дамира Абирова, айыл өкмөт башчылары, депутаттар, мектеп директорлору, укук коргоо органдары, ИИМдин 10-бөлүмнөн жана МУКК өкγлдөрγ, шаар жаштары, аксакалдар, шаардык мечиттердин имамдары катышты.

Иш-чаранын жγрγшγндө жаш өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу, Ислам тынчтыктын дини экендигине кеңири токтолушуп, жаштарыбызды туура таалим-тарбиялоого үндөө учурдун талабы экендиги баса белгиленди.

Ошондой эле, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту алдын-алуу жана укук бузуулар туурасында аткарылган иш-аракеттердин жыйынтыгы каралды. Мындан тышкары мектеп окуучуларына тγшγндγрγγ иштерин активдештирүү, коомчулук менен бирге иш алып баруу туурасында пикирлер айтылып, биргеликте иш алып баруу керектиги сунуш кылынды.