Ысык-Көл районунун баш имам хатиби имамдардын ишмердүүлүгүнөн кабар алды

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев райондун имамдары менен жолугушуп, ар бир имамдын ишмердγγлγгγнөн кабар алды.

Жолугушууда имамдардын аткарып жаткан иштери, КМДБ тарабынан келген буйруктардын аткарылышы туурасындагы маалыматтар угулду. Мындан сырткары орозо-битирди КМДБнын фатвасына ылайык сарптоо маселеси каралып, ар бир ишке жоопкерчиликтγγ мамиле кылуу менен имамдык милдеттин деңгээлине токтолуп, эскертме жасады.

Чолпон-Ата шаарынын имамы Абыл Асанов  даават маселесине токтолуп, ынтымакты бекемдөө алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар туурасында маалымат берди.

Муну менен катар бул күнү райондук хатибият жардамга муктаж 14 адамга орозо-битирден жардам көрсөтүп, жалпы суммасы 17, 736 сом тараткан.