Бишкек шаарынан 2019-жылы ажыга барчуулар №10-шаардык бейтапканадан эмдөөдөн өтүшөт

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен 2019-жылы Ажылык сапарга баруучулар 10-июндан 20-июнга чейин алдын ала эмдөөдөн өтүшөт.

Быйыл Бишкек шаарынан катталып, документтери талапка толугу менен жооп берген 542 ажы эмдөөдөн өтөт. Шаардыктар №10-шаардык бейтапканада (Бөкөнбаев көчөсү №61, Шопоков көчөсү менен кесилишет) эмдөөдөн өтүшмөкчү.

Бишкек шаардык казыятынын ажылык бөлүмү бардык жарандарды өз убагында эмдөөдөн өтүүгө чакырат.