Бишкек шаарындагы «Көлмө» медресеси 33 студентти уядан учурду

Бишкек шаарындагы «Көлмө» медресеси 33 студентти уядан учурду. Бүтүрүүчүлөрдү узатуу саамалыгына Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ата-энелер катышты.

Иш-чаранын алкагында Аалымдар Кеңешинин төрагасы менен Азирети Муфтий уядан учуп жаткан студенттерге окууну  улантуу менен кыргыз элинин керегине жараган уул-кыздардан болууга чакырышты.

«Билим – ырыстын тизгини демекчи билимдүү болуу менен инсан келечек муундарды тарбиялайт. Андыктан биз келечектеги урпактарыбызга жакшы билим беришибиз керек»,-дейт Азирети Муфтий.

Ал эми «Көлмө» медресесинин мүдүрү Идирис ажы Ахунбаевдин айтымында окуу жайды жалпысынан 33 студент аяктаса, алардын ичинен 2 студент артчыкчылык дипломуна ээ болушту. Ошондой эле 2 студент ыйык Куранды толук жаттап, каарылык даражага жетишкен.