Баткенде ажылык сапарга барчуулар эмделип, алар үчүн атайын ажылыктын шарттары окутулууда

Баткенде быйыл 2019-жылга ажылык сапарга бара турган зыяратчыларды сасык тумоо жана менингит ооруларына каршы эмдөө башталды.

Быйыл аталган облустан 420 жаран ыйык Мекке шаарына барууга жолдомо алышкан. Учурда алар облустун борборундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмдөө алып жатышат. Баткен облусу боюнча ажылыкка жооптуу адис А.Жакыповдун айтымында, эмдөө 10-июндан 20-июнга чейин жүргүзүлөт.

Ошондой эле, учурда Баткен облусунан ажылык сапарына баруучу жарандарга жоопту ажы башчылар атайын ажылык милдеттер, Мина, Арафат өрөөндөрүндө аткарылуучу ажылык амалар боюнча кеңири айтып берип, ажылык бардык ибадат шарттарын үйрөтүшүүдө.