Ошто бийлик өкүлдөрү менен дин кызматкерлери элди ынтымака чакырды

Ош шаарында калаанын Коопсуздук кеңеши тарбынан уюштурулган жыйын өткөрүлдү.

Анда эки маселе каралды:

  1. Ош шаарындагы Коопсуз шаар долбоорунун алкагында аткарыла турган иштер
  2. Жемкорлукту алдын алуу жана калаанын коопсуздугун бекемдөө

Жыйынга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана баш имам хатибдер, бийлик өкүлдөрү, мектеп директорлору катышты.

Иш-чарада Коопсуз шаар долбоорунан тышкары  радикализим, экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү, ар кандай терс диний агымдардан оолак болууга, улут аралык чыр чатактарды алдын алуу тууралуу бир катар маселелерди талкууга алышты. Ошондой эле мамлекеттик жана дин кызматкерлер биргеликте жаштарды туура таалим-тарбия берүүгө, элди ынтымака чакырышып, биргеликте иш алып барышмай болушту.