Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Чубак ажы Жалилов жана Абдишүкүр ажы Нарматов өлкө аймагындагы эл менен жолугушат

Июнь айынан тарта Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Абдишүкүр ажы Нарматов жана Чубак ажы Жалилов Кыргызстандын аймагында жергиликтүү эл менен жолугушуп, алардын кызыктырган суроолоруна жооп бермекчи.

Абдишүкүр ажы Нарматов 16-июнь күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы Катыран айылынына барса,  ал эми Чубак ажы Жалилов 17-июндан 20-июнга чейин Ычык-Көлдүн Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондорунда, Каракол, Чолпон-Ата жана  Балыкчы шаарындагы мечиттерде жергиликтүү тургундар менен  жолугушуп, баяндамасын жасап бермекчи. Муну менен катар дин аалымы  элдин кызыктырган суроолоруна жооп бермекчи.

https://www.facebook.com/chubakajy/photos/a.593764754147668/1108631279327677/?type=3&theater

Жарыя! Жарыя! Жарыя! Урматтуу мусулман бир туугандар! Абдишүкүр Устаз Баткен областтына караштуу, Лейлек районундагы,…

Опубликовано Nasaat.kg Среда, 12 июня 2019 г.