Бүгүн Кыргызстандын Мусулмандарынын Дин Башкармасы жардамга муктаж 575 жаранга 1 миллион 725 миң сом битир-садака таратты

Бүгүн, 13-июнда Кыргызстандын Мусулмандарынын Дин Башкармасы улуу Рамазан айында элден чогулган битир-садаканы жардамга муктаж 575 жаранга таратты.

Муфтиятка калктын аярлуу катмарынан жардам сурап, Рамазан айында арыз менен кайрылгандардын саны 575 адамды түздү. Мунун негизинде атайын түзүлгөн комиссиянын көзөмөлү менен колунда жок, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген ар бир жаранга 3 миң сом өлчөмүндөгү жардам чегерилип, жалпы суммасы 1 миллион 725 миң сом таратылды.

Белгилей кетсек, чогултулган битир-садаканын 50 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 15 пайызы райондук хатибияттарда, 15 пайызы облустук казыяттарда жана 20 пайызы муфтиятка бөлүнөт.