Чоң-Алай районундагы 59 мечиттен чогулган 202 186 сом битир-садака муктаждарга таратылды

Ош облусундагы Чоң-Алай районунун аймагында улуу Рамазан айында 59 мечиттен 505 470 сом битир-садака чогулуп, анын 40 пайызы болгон 202 186 сом акча каражаты жергиликтүү мечиттерде калтырылды. Мечиттерде калган каражаттар арыз менен кайрылган жардамга муктаж жарандарга атайын түзүлгөн коммиссиянын негизинде таратылып берилди.