Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын юристи Нурбек Исманов Татарстандагы диний ишмерлеринин бүткүл россиялык форумуна катышты

10-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын юристи Нурбек Исманов Татарстандын баш калаасы Казань шаарында Татарстандагы диний ишмерлеринин бүткүл россиялык форумуна катышты. Анда «Улуттук өз алдынчалуулугу жана дин» аттуу теманын алкагында диний таалим-тарбияны заманбап билим берүү системасындагы абалы, андагы маселелер, көйгөйлөр талкууга алынды.

Иш-чарага Татарстан Республикасынын Муфтияттын орун басары Рафик хазрат Мухаметшин жана бир катар мамлекеттин дин кызматкерлери катышты.

Татарстандын Муфтияттын Рафик хазрат Мухаметшин Россиядагы мектептердеги диний тарбиялоонун учурдагы абалына токтолуп, ислам маданиятын негиздерин окутууда көйгөйлөр бар экендигин, бул жаатта кадрлар жетишсиз болуп жатканын белгиледи.

“2012-жылдан тарта Россиянын билим берүү мекемелеринде дин таануу боюнча билим берүүчү курстар окутула баштады, анда “Бүткүл дүйнөлүк дин таануунун негиздери” “Ислам маданиятынын негиздери” жана “Иудей жана буддей маданиятынын негиздери” жана башка курстар өтүлүп келет. Окуучулардын ата-энеси алардын үй-бүлөлүк салттарына, диний көз караштарына, адеп-ахлактык багытына карата окуп үйрөнүү үчүн тандап алууга укуктуу. Ошондой болсо дагы диний билим берүүдө кадрлар тартыш. Алар үчүн окуу китептери жана методикалык куралдар жетишсиз”,-деди ал.