Ысык-Көлдө ажылык сапарга барчууларга ажылыктын шарттары окутулууда

Ысык-Көл облусунда быйыл 2019-жылга ажылык сапарга бара турган зыяратчыларды ажы башчылар ажылыктын шарттарын окутушууда.

Ысык-Көл аймагы боюнча быйыл 83 жаран ыйык Мекке шаарына барууга жолдомо алышкан. Облус боюнча ажылык иштерин уюштуруучу адис Ж. Дюшековдин айтымында, 17-июнь күнү ажыга бара тургандар Каракол шаардык эмдөө борборунан эмдөөдөн өтүшмөкчү.

Ажылык сапарына барчуулар үчүн ажылыктын тартиптери боюнча сабактар уюштурулуп, ибадат амалдары туурасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Мындан сырткары ажыга барчуулардын документ иштери иреттелип, атайын үлгү боюнча тартипке келтирилип жатат”,-деди Дюшеков.