Ош шаарында «Молдо Шакир» мечитинин ачылыш аземи болуп, ага шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жана казыят кызматкерлери катышты.
«Молдо Шакир» мечитинин мурунку абалы кичине болгондуктан, аны заман талабына жооп бере турган шарт түзүлүп, кеңейтилген. Оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү демөөрчү тарабынан ишке ашырылгандыктан эми Кудайберген базарында соода-сатык менен алектенген соодагерлер жана жарандар намаздарын өз убагында окуй алышмакчы.