Ош шаарында “Экстремизм жана терроризм менен күрөшүүнүн негиздери” аттуу тегерек стол өткөрүлдү

Кечээ, 27-июнда Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин жыйындар  залында “Экстремизм жана терроризм менен күрөшүүнүн негиздери” аттуу тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик  комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай  Мурзабеков жана бир катар мамлекеттик кызматкерлер, күч органдары, 30дан ашуун курсанттар катышты.

Тегер столдо облус казысы Самидин кары Атабаев мекенди сүйүү ыймандан экендигине, адептүүлүк,  ислам дининин баалуулуктарына токтолуп, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу жаатында өз пикирин билдирди.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин өкүлдөрү экстремизм жана терроризмдин алдын алуу туурасында өз баяндамаларын жасашты.