Ош облусундагы имамдарга нике каттоо журналы таратылды

Ош шаарынын борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде Ош шаары жана Ош облусу боюнча имамдардын чогулушу болуп өттү. Ага Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов жана облус боюнча имам хатибдер, казыят кызматкерлери катышты.

Жыйында Равшан ажы Эратов нике каттоо журналы үй-бүлөнү бекемдөөгө жана жубайлардын ага жоопкерчиликтүү мамиле жасашына өбөлгө түзөөрүн белгилеп, нике каттоо журналын тартиби боюнча тааныштырып, таркатты.

Ош шаары боюнча 78 мечит мамлекеттик каттоодон  өткөн. Мындан ары имамдар журналда көрсөтүлгөн эрежеге ылайык, жарандарга шарияттын негизинде гана нике кыюу жөрөлгөсүн өткөрмөкчү.