Ош шаарынын казысы жоокерлерге экстремизм жана улут аралык ынтымакты бекемдөө туурасында маалымат берди

Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев калаадагы №47156 аскер бөлүгүнүн кызматкерлерине жана катардагы жоокерлерге “Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө” деген темада баяндама жасады.

Мындан тышкары Ош шаарынын казысы аскер бөлүктөрүн Кыргызстандын түштүк аймагы үчүн ар тараптан камсыздап турганын белгилеп, жоокерлердин кызыктырган суроолоруна дагы жооп берди.