Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чарага катышты

Ош шаарынын Амир-Темир муниципалдык башкармалыгында экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чара  өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев, аталган аймакта жайгашкан мечит имамдары, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош ШИИБинин башчысы Мурат Боронов жана мамлекеттик кызматкерлер, күч органдары катышты.

Жыйында Убайдулла ажы Сарыбаев элдин биримдигин бекемдөө, ар кандай бузукулук иштерден оолак болууга, улуттар аралык мамилени, ынтымакты бекемдөө жана жаштардын таалим-тарбиясына көнүл бурууга чакырды.