Казакстандын Азирети Муфтийи Серикбай ажы Ораз Арыс шаарында жабыр тарткан жарандардын ал акыбалы менен таанышты

Казакстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи Серикбай ажы Ораз Арыс шаарындагы кырсыктан жабыр тартып, Шымкентте дарылынап жаткан бейтаптардан кабар алды.

“Бул каргашалуу кырсык бир эле үй-бүлө мүчөсүнө, жалпы казак элине оор толгус жоготуу болду. Аллага шүгүр, ынтымагыбыз бар экен, эл кол сунуп, ар тараптан жардамын көрсөтүп жатат. Аман-эсен сакайып кетишиңиздерге тилектешмин. Балдарыңыздын маңдайында ар убак аман болуңуздар”,-деди Азирети Муфтий.

24-июнда Казакстандын Арыс шаарында жарылуу болуп, андан адам өмүрү кыйылып, 165 адам жаракат алган. Анын ичинен 15и жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул каргашалуу окуяга байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Серикбай ажы Оразга көңүл айтуу катын жолдогон.