Муфтияттын үгүт-насаат бөлүм башчысы Билалидин ажы Сайпиев Бишкектеги майып адамдарга 45 000 сом битир-садака таратты

Кечээ, 26-июнда Бишкек шаарындагы 6 кичи районунда жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын даават, үгүт насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев битир-садака таратты.

Аталган райондон ыйык Рамазан айында I, II, III топтогу жана көзү азиз майыптар жалпы 90 адам арыз жазып, жардам сурап Муфтиятка кайрылган. Мунун негизинде КМДБдан түзүлгөн атайын комиссия 45 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүп, аны Билалдин ажы Сайпиев майыптар жашаган районго барып, өз колу менен ар бир жаранга 500 сомдон тапшырды.

6 кичи райондун № 2\2 үй комитетинин башчысы Жаңыл Караеванын айтымында, бул үйдө көзү азиз, жардамга муктаж үй-бүлөлөр жашаарын, жыл сайын аларга Муфтият жардам берип, көмөк көрсөтүп келээрин белгиледи.