Нарын казыяты аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Рамазан айында чогулган битир-садакадан 433929 сом таратты

Нарын облустук мусулмандар казыяты 2019-жылы чогулган битир-садакадан Нарын шаарындагы жана Нарын районундагы аз камсыз болгон 100 үй-бүлөлөгө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акчалай  жана азык-түлүк таратты. Жардам баштыктары айрым мүмкүнчүлүгү чектелген жана улгайган жарандардын үйлөрүнө жеткирилип берилди.

«Мындай кайрымдуулук иш чаралары жыл санап көбөйүп, элибизде жакырчылык азайып баратканы жакшы жөрөлгө. Азык-түлүк таратууда жардам берген инсандарга Аллах Таала ыраазы болсун! Быйылы жылы жалпысынан 433929 сом битир-садака тараттык»,-деди облустук казыяттын маалымат катчысы Шабдан Белеков.