Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Казакстандын Арыс шаарындагы кырсыкка байланыштуу Казакстандын Азирети Муфтийине жана дин башкармалыгынын төрагасына, казак элине көңүл айтты

24-июнда Казакстандын Арыс шаарындагы жарылуу болуп, андан адам өмүрү кыйылып, ондогон адамдар ооруканада жатат. Бул каргашалуу окуяга байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстан Республикасынын Дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасына, Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Серикбай ажы Оразга, казак боордошторго, маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

— Бул кырсык оор жоготуу жана орду толгус кайгы. Биз Жараткандан мусулман үммөтүнүн тынчтыгы, биримдиги жана ынтымагы үчүн дуба кылып, мындай кырсык мындан ары кайталанбашы үчүн жалпыбыз Алла Тааладан тилешибиз керек.

Ооруканага түшүп, дарыланып жаткан бир туугандарыбызга Алла Тааладан шыпаа жана тез сакайып кетүүнү тилейбиз. Турак жайынан ажырап, элдин жардамына муктаж болгон боордошторубузга сабырдуулукту, кайраттуулукту Жараткандан сурайбыз. Мындай бөөдө кырсык эч убакта кайталанбасын. Дагы бир жолу жалпы казак бир тууган боордошторубузга терең кайгыруу менен көңүл айтам.

 

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев