Ош шаарында экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чара  өткөрүлдү

Ош шаарынын Курманжан датка муниципалдык башкармалыгында экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча иш-чара  өткөрүлдү.

Иш-чарага Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мырза кары Осмонов, мечит имамдары, Ош шаарынын мэриясынын вице-мэри Жасур Азимов ДИМКтин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош ШИИБинин орун басары Нурбек Шерикбаев жана мамлекеттик кызматкерлер, күч органдары катышты.

Жыйында элдин биримдигин бекемдөө, ар кандай бузукулук иштерден оолак болууга, улуттар аралык мамилени, ынтымакты бекемдөө жана жаштардын таалим-тарбиясына көнүл бурууга чакырышты.