Азирети Муфтий Оштогу “Козу кызы Бурмакан” аялдардын диний окуу борборунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификат жана дипломдорду тапшырды

Ош шаардык мусулмандар казыятынын “Козу кызы Бурмакан” аялдардын диний окуу борборунун 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө атайын дипломдор тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов, Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев  жана дин кызматкерлери, мугалимдер, ата-энелер катышты.

Азирети Муфтий окуу борбордун бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшырып жатып, аларга мындан ары билимин өркүндөтүп, жалпы мусулман журтчулугуна ак эмгек өтөөгө чакырды. Алла Тааладан алган билими пайдалуу жана сапары байсалдуу болушуна тилектештигин билдирди.

Белгилей кетсек, 2018-2019-жылында “Козу кызы Бурмакан” аялдардын диний окуу борборунан 71 кыз толук Куранды жаттап бүтүрүп, Куранды толук жаттагандыгын тастыктаган атайын сертификаттарга ээ болушту.