Муфтияттын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов ажылык сапарга бара турган зыяратчыларга окуу семинарын өткөрүүдө

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов Ош шаарынан 2019-жылы ажылык сапарга бара турган зыяратчыларга окуу семинарын өткөрдү.


Иш-чарага райондун имам-хатиби жана ажы башчылар, зыяратчылар катышты. Окутуу учурунда Акимжан ажы Эргешов ажылык ибадатты аткаруунун шарияттагы жол-жоболорун түшүндүрүп, сапар учурунда эске алынуучу негизги эрежелерге токтолду. 


Лекциялык сабак слайд түрүндө түшүндүрүлүп, эхрам байлоо, чач алуу, Арафат тоосунда жана ал күнү аткарыла турган амалдар, ыйык Каабаны таваф кылып айлануу эрежесин, ажылык учурунда кандай дубалар кылынаарын, Сауд Араб Падышачылыгынын бардык ажыларга койгон талаптары, мыйзамды бузган учурдагы жоопкерчиликтер боюнча айтып берди.

 

Ушундай эле ажыларды окутуу иш-чарасы Ош облусунун Араван районунда өтүп, анда КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы ажылыктын негизги амалдарын толугу менен түшүндүрүп берди.