Кара-Балта шаарындагы “Куран нуру” Ислам институн 19 каары аяктап, аларга дипломдор тапшырылды

22-июнда Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Куран нуру” Ислам институн 19 каары аяктап, аларга дипломдор тапшырылды. Салтанаттуу кече аталган институттун жаңы гана бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген стадиондун ачылышы менен башталды.

Ага Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Бакирдин Субанбеков, Динара Исаева, Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов жана Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын өкүлдөрү, мугалимдер, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышты.

Бүтүрүү кечеси жогорку деңгээлде белгиленип, бүтүрүүчүлөргө белек-бечкектер тапшырылды.

Маалым болгондой, “Куран нуру” Ислам инстуту араб тили жана шарият илимдери боюнча дин тармагындагы жогору даражадагы мударрис жана Имам Хатиб адистерин даярдап чыгарат.