Баткен облусунун казысы Кадамжайдан ажылык сапарга аттанган зыяратчылар менен жолугушту

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Кадамжай районунан ажылык сапарга бара турган зыяратчылар менен жолугушту.
Жолугушууда облус казысы ажылык ибадатты аткаруунун шарияттагы жол-жоболору, сапардын түйшүгү,  андагы эске алынуучу негизги эрежелерге токтолду.
Пазыл ажы Султанмуратов жылдан жылга ажылыкты уюштуруу иши жакшырып жаткандыгын айтып, Муфтият бардык аракеттерди көрүп жаткандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы Баткен облусу боюнча 420 жаран ыйык Мекке шаарына ажылык сапарын аткарууга жолдомо алышкан.