Муфтияттын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Орок айлынын тургундары менен жолукту

Кечээ, 28-июнь күнү Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылынын мечитинде  жергиликтүү тургундардын катышуусунда, облус аймагындагы көп улуттуу калкты ынтымакка, биримдикке жана бакубат жашоого үндөгөн жолугушуу болду.

Ага Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев, Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов, Сокулук районунун имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жолугушууда Билалидин ажы Сайпиев жана дин аалымдары улут аралык ынтымакты, биримдикти жана тынчтыкты сактап калуу жаатында өз баяндамаларын жасашты.