Ош шаарындагы азиздер  үйүнө 68150 сомдук жардам көрсөтүлдү

Ош шаарынын Анар  кичи  районунда жашаган көзү азиздер жана майыптарга Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев 68150 сомдук азык-түлүк тапшырды.

Аталган райондун №18-үйүндөгү 45 квартиралуу  1-2-3-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар улуу Рамазан айынан чогултулган битир-садакадан жардам сурап, арыз менен кайрылышкан.

Мунун негизинде Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев баштаган казыят кызматкерлери жеринде кабар алышып, битир-садакадан чогулган каражаттын эсебинен 68150 сомдук  азык-түлүк баштыкчаларын  таратышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус казысы Алла   Тааланын берген бул сыноосуна сабыр кылууга чакырып, бул сооптуу амалдардан экендигин айтып өттү.