Ош облусундагы ажыга баруучу жарандарга ажылык кийимдери таратылды

Бүгүн, 8-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн Ташлак айылындагы “Имам Ат-Тирмизий” мечитинде Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев ажы башчылар жана зыяратчылар менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Самидин каары Атабаев ажылык сапарга бара турган зыяратчыларга ажылыктын амалдары жана тартиптери туурасында баяндамасын жасады. Ал эми ажы башчылар  ажыга баруучу жарандарга ажылык  сапарында кийилүүчү  кийимдерди, баштыктарды  таратышты.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы ажылык амалдарын аткарууга Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн. Ушул жылдын 16-июлунан тарта ажылардын алгачкы тобу ыйык Мекке шаарына сапар алмакчы.