Нарын казыяты 100 окуучуга жайкы лагерин уюштурду

Нарын казыяты Ат-Башы районунун «Чар» жайлоосунда 100 мектеп окуучусуна жайкы лагерь уюштурду.

Жайкы лагерге 70 эркек бала жана 30 кыз катышып, 1 айланпа 10  күнгө созулду. Эркек балдарга 3 айланпа, кыздарга болсо 2 айланпа уюштурулду.

Окуучуларга адеп, хадис сабактары үйрөтүлүп, ар кандай оюндар, саякаттар уюштурулду.

Лагердин жыйынтыгында ата-энелерге жыйын болуп, сабактарда жана жүрүм-турумунда артыкчылык көрсөткөн окуучуларга мактоо баракчалары ыйгарылды.