Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Нарын шаарынын тургундары менен жолугушду

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Нарын шаарына жасаган иш сапары учурунда жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуу иш-чарасы “Азирети-Али” мечитинде болуп, анда ынтымакты бекемдөө, биримдик, ыйман, тазалык жана маданият туурасында баяндамасын жасады. Соңунда калктын кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Ушундай эле жолугушуу “Нарын жаштар ордосунда” аялдар менен жоолугуп, үй-бүлөдөгү аялдардын ордун жана ошондой эле бала тарбиясы жөнүндө лекциясын окуду.