Көк-Сай айылынын мечити жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан  оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң рпайонундагы Көк-Сай айылындагы мечит жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Бул туурасында бүгүн, 8-июлда баш имам хатиб Таалайбек ажы Акунов билдирди.

Анын айтымында, мечитти оңдоп-түзөө иштери толугу менен аяктап, учурда суу түтүгүн киргизүү иштери жүрүүдө.

“Мечитти калыбына келтирүү иштери иш айыл имамы Жылдызбек Карасартовдун демилгеси менен ишке ашууда. Ал демөөрчүлөрдү таап, учурда мечиттин дааратканасына суу түтүгү киргизилип жатат. Жалпы мечитке 200000 миң сом сарпталды”,-деди Таалайбек ажы Акунов.