Муфтияттын башкы эсепчиси Жалал-Абад облустук казыятынын курулуш иштери менен жеринде таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын башкы эсепчиси Жеңишбай ажы Бекиев Жалал-Абад жергесине жасаган иш сапарында облустук мечиттин жана казыяттын жаңы курулуп жаткан идарасынын курулуш иштери менен таанышты.

Алгач Жеңишбай ажы Бекиев Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз каары Закиров  менен жолугуп, казыятынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Кийин Жалал-Абад казыятынын жаңы курулуп жаткан идарасына зиярат кылып, казыятка Муфтият тарабынан колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.