Сузакта этностор аралык мамилелерди бекемдөө боюнча атайын жолугушуулар уюштурулууда

Сузак районунун аймагында этностор аралык мамилелерди бекемдөө, чыр-чатактын жана диний радикализмдин алдын алуу боюнча атайын жумушчу топ жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууда райондун баш имам хатиб Жунус ажы Исмаилов радикализм, ынтымак, биримдик тууралуу кеңири түшүнүктөрдү берди. Муну менен катар ал жашоочулардын 18 жашка толо элек өспүрүмдөрдүн никеси, мектеп окуучуларынын тарбиясына көңүл буруу, ыймандуулукка, адептүүлүккө, үндөгөн сабактардын сапаттуулугун арттыруу боюнча берилген суроолоруна  жооп берди.

Аталган жумушчу топтун курамына райондук мамлекеттик администрациянын, РИИБ, МУКК, хатибияттын кызматкерлери, баш имамдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин өкүлдөрү кирген. Сузак районунда жалпы 14 айыл өкмөт болсо, 12 айыл өкмөттүн жыйындар залында бекитилген ырааттамага ылайык жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар болду.  Ал эми азыркы учурда Кара-Алма жана Ырыс айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу мерчемделүүдө.