Майлуу-Суу шаарында дин кызматкерлери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө башташты

Майлуу-Суу шаардык мэриясы жана шаардык хатибияттын  2019-жылдын III-кварталына карата бекитилген иш планын жүзөгө ашыруу үчүн шаарга караштуу мекеме-уюмдардын кызматкерлери менен жолугушуулар өтүүдө.

Жолугушууда «Элдер ортосундагы ынтымак», «Ысырапкерчиликке жол бербөө», “Радикализмдин алдын алуу”,  “Никесиз жашоонун кесепети” тууралуу баяндар, түшүндүрмөлөр берилүүдө.

Эскерте кетсек, бул жыйындар КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы №315-буйругун жана 2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында уюштурулууда.