Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев иш сапары менен Талас облусунда

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Талас облусуна жасаган иш сапары учурда  облустун жалпы имамдары менен жолугушту.

Үч саатка созулган жолугушуу суроо-жооп,  баарлашуу жана сабак түрүндө өттү. Андан ары Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган делегация Манас ордо комплексине зыярат кылышты. Зыярат учурунда Манас эпосунун музейин кызыгуу менен көрүп чыгышты.

Мындан тышкары Абибилла ажы Кадырбеков өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Канымет Осмонбеков жана Талас шаарынын мэри Айдарбек Жусупбеков менен жолугушту.

Жолугушууда өз ара кызматташууну бекемдөө, мечиттердин каттоодон өткөрүү иштерине көмөктөшүү, дин таануу сабагын окутуу, шаардагы светтик окуу жайлар менен диний окуу жайлардын ортосунда илим-билим жаатында орток семинарларды жана интеллектуалдык таймаштарды уюштуруу боюнча пикир алышты.