Бүгүн, 16-июлдан 17-июлга караган түнү Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына учуп кетмекчи

Бүгүн, 16-июлдан 17-июлга караган түнү Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты боюнча “Манас” 2 эл аралык аэропортунан Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына учуп кетмекчи.  Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобун узатуу иш-чарасына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Сауд Арабия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчилигинен, 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штаб башчысы Замир каары Ракиев жана КМДБнын ажылык катышмакчы.

Бишкек шаарынан учуучу 392 ажыны 8 ажы башчы коштоп бармакчы. Ар бир ажыга аттануучу жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат алдын аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл. Бүгүн, 16-июлдан 17-июлга караган түнү ыйык ажылык парздарын өтөй турган болочок ажыларды “Манас” 2 эл аралык аэропортунан каттоо иши түнкү саат 1:00де башталмакчы.