Баткен облусунан ажылык сапарына баруучулардын алгачкы тобу 22-июлда Мединага учат

Баткен облусунан ажылык сапарына баруучулардын алгачкы тобу 22-июль күнү саат 13:10дө Ош эл аралык аба майданынан Медина шаарына учат. Зыяратчыларды Сауд Араб Падышачылыгынын Flaynas авиакомпаниясы ташыйт.

Алгачкы топто 150 жаран ажыга коштоп баруучулар менен жөнөп кетишмекчи. Ал эми учурда болочок ажыларга окуу сабактары өтүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Баткен казыятынын ажылык иштери боюнча жооптуу адиси А.Жакыпов билдиргендей, зыяратчылар ажылык амалдарын аткарууга толугу менен даяр.  Ошондой эле ажы башчылар ажылардын коопсуздугун эске алып, Баткенден Ош шаарына чейинки каттам үчүн атайын кичи автобус уюштурмакчы.

Эскерте кетсек, быйылкы ажылык милдеттерин өтөп келүүгө Баткен облусунан 485 жаран  жолдомо алган.