Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты боюнча Медина шаарына аман-эсен жетишти

Бүгүн, 17-июлда  кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына аман-эсен жетип алышты. Ал жактан зыяратчыларды ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын өкүлү Султаналы ажы Гапыров тосуп алды. Азыркы маалдагы кыргызстандык ажылар мейманканага жайгаштырылууда. Ажылардын маанайы абдан жакшы.

Белгилей кетсек, кечээ 16-июлдан 17-июлга караган түнү Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты боюнча “Манас” 2 эл аралык аэропортунан Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына учушкан. Анда ажылардын алгачкы тобун узатуу иш-чарасы өткөрүлүп, ага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Сауд Арабия Падышачылыгынын Кыргызстандагы элчилиги катышкан.

Эскерте кетсек, ажылардын алгачкы тобунда 392 ажы 8 ажы башчы бар.